Жалал-Абад. Көчө боюнда соода кылгандар нааразылык акциясына чыгышты
Бүгүн, 25-февралда Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдына Чехов көчөсүндөгү жол боюнда соода-сатык иштерин жүргүзүп келген 20дай аял нааразылык акциясына чыгышты. Алардын талаптары - Чехов көчөсүндө соода кылууга уруксат берүү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мэриянын өкүлү Абдималик Тагаев: “Мэрдин буйругу менен жол жээгинде соода кылып жаткандарды базарларга көчүрүп жатабыз. Аларга каалаган базарынан жай бөлүп берүү үчүн базардын жетекчилери менен да сүйлөшүп койдук. Соода-сатык иштерин жолуна коюп алгыча соодагерлерден 6 айга чейин ижара акысын албай турган болушту. Сатуучулар буга да болбой митингге чыгып жатышат",- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

