Депутаттар “өлкөдө көптөгөн спектаклдерди коюунун зарылчылыгы жок” дешти
Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңеште театр жана маданий жогорку, орто окуу жайлардын абалы боюнча парламенттик угуу өттү. Талкууда көптөгөн көйгөйлөр айтылды. Депутат Элмира Иманалиева өлкөдө театр ишмердүүлүгү боюнча так саясат жоктугун баса белгиледи. “Сөзсүз эле көп сандаган спектаклдерди коюунун кажети жок, суроо-талап көп болгон саналуу репертуарлар менен чектелсе болот”,- дейт депутат.
Республикадагы айрым театрлар өз мүмкүнчүлүктөрү менен аймактарга чыгып жатканын айткан депутат мындай иш-чаралар системдүү жүрбөгөнүнө токтолду. “Маданият министрлиги биздин театрлар өз спектаклдерин чет өлкөлөргө алып чыгуусу үчүн акча бөлүшү зарыл”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

