super.kg logo
  Саясат  

Баткендеги Кулунду - Максат жолуна кыргыз-тажик тарап бирдей колдоно турган 2 көпүрө курулганы жатат

 

Баткенде кыргыз-тажик чек ара аймагындагы Кулунду - Максат жолунда эки тарап бирдей колдоно турган 2 көпүрө курулат. Муну бүгүн, 25-февралда ЖКнын депутаты Курманбек Дыйканбаев Бюджет жана финансы комитетинин көчмө жыйынында айтты.

КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлүнүн айтымында, эки көпүрө курула турган аймактын кимге караштуу экени азырынча тактала элек. 2014-жылдын январь айында Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда ушундай келишимге кол коюлуп, эми аны парламентте тез арада ратификациялоо милдети турат. Анын курулушуна кыргыз тарап 20 миллион сом, тажик тарап 22 миллион сом жумшайт,- дейт ал.

Бул келишим тажик тарапка караганда кыргыз тарапка пайдалуу. Эгер эки көпүрө курулуп калса, биздин жарандардын Кыргызстандын аймагы аркылуу түз катташып туруусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт- деди Дыйканбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: