super.kg logo
  Спорт  

Кант шаарында кикбоксинг боюнча Кыргызстандын Биринчилиги аяктады

 

23-февралда Кант шаарында кикбоксинг боюнча Кыргызстандын уландар жана кыз-келиндер арасындагы Биринчилиги жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, мелдешке 152 спортчу 26 команданын курамында катышты. Лоукик версиясы боюнча Кыргызстандын чемпиондору 14 салмак категориясында аныкталды.

Кыз-келиндер арасында 52 килограмм салмакта Шахриза Халилова чемпион аталса, 56 килограмм салмакта Самара Шамбетовага тең келгендер болгон жок.

Ал эми уландар арасында Эсенгелди Таалайбек уулу (51 кг), Уланбек Касымбеков (54 кг), Авазбек Аманбеков (57 кг), Рустам Ибрагимов (60 кг), Икбол Фазильжон уулу (63,5), Адилет Бекжан уулу (67 кг), Абдубекер Машанло (71 кг), Талант Акматов (75 кг), Гүлмухамед Эргешев (81 кг), Адилет Болотбеков (86 кг), Талас Нуралиев (91 кг) жана Кубан Абдураимов (91 килограммдан жогорку салмак категориясында) өз салмактарында жеңүүчү аталышты.

Эске салсак, Биринчиликтин башкы максаты үстүбүздөгү жылы өтө турган кикбокс боюнча Азия чемпиондугуна катыша турган курамды бекитүүгө багытталган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: