super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Кыргызстан боюнча баяндамачысы менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев бүгүн, 25-февралда Швейцариянын Парламент сарайынын Улуттук Кеңешинин депутаты, Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) Кыргызстан боюнча баяндамачысы Андреас Гросс менен жолугушту. 

Каныбек Иманалиев А.Гросс мырзанын бул иш сапары өлкө бийлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан демократиялык реформаларга колдоо көрсөтүү катары карала турганын айтты. Ошондой эле Кыргызстандын «демократия боюнча өнөктөш» статусуна ээ болуу өтүнүчү ЕКПА тарабынан оң чечилерине ишеним артарын билдирди. 

ЕКПА менен «демократия боюнча өнөктөш» статусу алкагында кызматташуусу парламенттик институттарды жана жарандык коомду бекемдөөгө жагымдуу шарт түзөрүн, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, мамлекеттик органдардын ишине көзөмөл кылган коомдук уюмдар иштеп жатканын белгиледи.

Жолугушууда А.Гросс Кыргызстанда парламентаризм жөрөлгөлөрүн өнүктүрүү жүрүмүн колдой турганын айтып, парламенттик башкаруу таризине өтүү үчүн кандайдыр бир убакыт керек экенин кошумчалады. Ошондон улам ал бардык ишке жалгашып, адамдар менен коомдук топторду байланыштыра алган инклюзивдүү демократиянын ролун белгилеп өттү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: