Жогорку Рада президент Януковичти Гаага сотуна берүү чечимин кабыл алды
Украина парламенти президент Виктор Януковичтин ишин Эл аралык аскер сотунда кароо чечимине келди. Чечимге 324 депутат “макул” деп добуш бергенин чет элдик маалымат булактары жарыялады. Парламент соттон Януковичти Киевдеги баш аламандыкта өлгөндөр үчүн жоопко тартууну сурайт. Документте 2013-жылдын 30-ноябрынан 2014-жылдын 22-февралына чейин (өлкөдө нааразычылык акциялары өткөн мезгил) жогорку кызматтарды ээлеп тургандардын да жоопкерчилигин карап чыгуу сунушу камтылган.
Эскерте кетсек, 22-февралда Киевди таштап чыгып кеткен Виктор Януковичтин учурда каякта экени тууралуу так маалымат жок. Украинада ага издөө жарыяланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

