super.kg logo

Бүгүн Улуттук филармонияда Аялдардын эл аралык майрамына карата концерт өтөт

 

Бүгүн, 26-февралда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамына карата концерт өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Кыргызстандагы Аялдар конгресси уюштуруп жаткан концертке көп балалуу энелер, өлкө аймагындагы аялдар, ар кайсы тармакта иштеген айымдар, эмгек сиңирген мугалимдер, аялдар кыймылынын ардагерлери катышат. Концертке Бакыт Тилегеновдун жетекчилиги астындагы эл аспаптар оркестри, КРнын Эмгек сиңирген скрипкачысы Эрнис Асаналиев, Кыргыз Эл артисти Роза Аманова, КРнын Эмгек сиңирген артисттери Айчүрөк  Иманалиева, Асел Турдалиева, Алина Жетигенова, Алтынай Нарбаева, ошондой эле "Достор" тобу, Гүлнара Тойгонбаева, Жамиля Муратова, Курмангазы Азыкбаев, Мирбек Атабеков, Юлия Руцкая, Гүлжигит Калыков, Нурайым Азыкбаева, Иса, Бек, Марлен жана "Шаттык" бий ансамбли катышат.

Кыргыз Республикасынын Аялдар конгресси ишкердик, кол өнөрчүлүк, социалдык өнүгүү, билим берүү, медицина тармагында ийгиликке жеткен айымдарга төш белги тапшырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: