super.kg logo

Нигерия. Радикал экстремисттердин чабуулунан Федералдык колледжде каза болгондордун саны 59 адамга жетти

 

Нигерияда радикал экстремисттердин чабуулунан Федералдык колледжде каза болгондордун саны 59 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Буга чейин "30дай адам набыт болду" деп айтылган. Айрымдары имараттын ичиндеги өрттөн каза тапса, калганы качып чыккандан кийин көз жумган.

Маалыматка караганда, 25-февралга караган түнү исламчыл “Боко Харам” уюмунун кызматкерлери аталган колледждин 24 корпусуна өрт коюшуп, ал жактагы студенттерди аткылашкан. Согушчандар эркек балдарга гана чабуул кылышкан. Каза болгондордун арасында кыздар жок.

Айта кетсек, 2013-жылдын сентябрь айында дагы аталган уюм Нигериянын Йобе штатында жайгашкан жатаканага чабуул коюшкан. Ал окуя 90 адамдын өмүрүн алып кеткен.

Радикалчыл “Боко Харам” уюму буга чейин “светтик билим берүү исламга каршы келет” деп айтып келген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: