Темир Сариев депутаттарга: “Мени Максим Бакиевдин бизнесин коргоп жатат дебегиле”
Парламенттин 26-февралдагы
жыйынында экономика министри Темир
Сариев өзү тууралуу айтылып жаткан айрым маалыматтарга токтолду. Ал
билдиргендей, коомчулукта “министр Сариев Максим
Бакиевдин бизнесин коргоп жатат” деген сөздөр айтылууда.
Автор: Автандил Добулбеков
“Мен убагында Максим Бакиевди өлкөдөн кууп чыккандардын биримин, анан кантип анын бизнесин коргойт элем? Урматтуу депутаттар, ушундай маалыматтарды айтуудан абайлаңыздар. Мен өндүрүшчүлөрдү коргой албасам, анда өкмөттүн мүчөсү болуп бул жерде отурбай эле коюшум керек”,- дейт Сариев.
Депутат Улукбек Кочкоров “Бакиевди кууп чыкканыңар менен, анын схемасы иштеп жатат, кеп ушунда” деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

