super.kg logo
  Саясат  

Улуттук оппозициялык кыймылынын жыйынында Украинада каза тапкандарды бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды

 

Бүгүн, 26-февралда Улуттук оппозициялык кыймылынын жыйынында ЖКнын депутаты Өмүрбек Абдрахмановдун демилгеси менен Украинада 80ге жакын каза тапкандарды бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды.

Белгилей кетсек, Украинадагы ноябрь айынан бери уланган нааразылык акциясында кан төгүлүүлөрдүн саны көбөйгөн. Полиция менен митингчилердин кагылышында имараттар өрттөлүп, жарандарга да, укук коргоочуларга да ок чыгарылган. Андан кийин президент Виктор Янукович оппозиция менен бир пикирге келип, 2004-жылкы Конституцияга кайтып келүү, коалициялык өкмөт түзүү жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө макул болгон. Ага ылайык, Юлия Тимошенко абактан бошотулуп, президенттик шайлоого аттанарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: