super.kg logo
  Саясат  

"Эгер бийлик оппозиция менен сүйлөшүүгө чыкпаса, 2005, 2010-жылдардагы окуялар кайталанышы толук мүмкүн" дейт “Улуттар биримдиги” партиясынын мүчөсү Уран Ботобеков

 

Бүгүн, 26-февралда Улуттук оппозициялык кыймылдын алгачкы жыйынына “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов келген жок. Анын ордуна аталган партиянын мүчөсү Уран Ботобеков сөз сүйлөдү.

“Украина менен Кыргызстанда болгон окуялар дал келип турат. Эгер бийлик оппозиция менен сүйлөшүүгө чыкпаса, 2005, 2010-жылдардагы окуялар кайталанышы толук мүмкүн. Бирок биз сүйлөшүү жолу менен барабыз”,- деди Уран Ботобеков.

Анын айтымында, Кыргызстанда сот, прокуратура, УКМК бир адамга гана баш ийет.

“2010-жылы учурдагы бийлик "бандиттерди өлкөдөн кууп чыгабыз" деген. Бирок, тескерисинче, алар менен тыгыз мамиледе иштешип жатат. Маселен, “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди абактан чыгарып салды”,- деп кошумчалады Ботобеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: