super.kg logo
  Саясат  

600 миңден ашуун мигрантка Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынды

 
Федералдык миграциялык кызматы 600 миңден ашуун чет элдик жарандарга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу аталган кызматтын башчысы Константин Ромодановский Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда билдирди.
 
“Биз бүгүнкү күндө 600 миңден ашык чет өлкөлүк жаранга кирүүгө тыюу салдык. Алардын басымдуу бөлүгү КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү. Өткөн жылы өлкөгө кирген 17,7 миллион адамдын 12,4 миллиону иштөө үчүн келгендер. Алардын 40 пайызы мыйзамдуу түрдө иштесе, 60 пайызы кирүү режимдерин бузуп, мыйзамсыз иштегендер”,- деди Ромодановский. Мындан сырткары бул тармакта 42 мыйзам бекитилип, анын жарымы мыйзамсыз миграцияга багытталганын айтты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: