super.kg logo
  Саясат  

Соттор кеңешинин төрагасы болуп Жакып Абдырахманов дайындалды

 

Жогорку Соттун судьясы Жакып Абдырахманов (сүрөттө) Соттор кеңешинин төрагасы болуп дайындалды. Мындай чечим кеңештин мүчөлөрүнүн добушу менен кабыл алынганын 26-февралда Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди. Соттор кеңешинин мурунку төрагасы Дастан Айжигитов ыйгарым укуктары бүткөндүктөн, кызматтан четтетилди. 

Жакып Абдырахманов:

Туулган жылы – 1957-жыл, 28-апрель

Туулган жери - Бишкек шаары

Улуту - Кыргыз

Жарандыгы - Кыргыз Республикасынын жараны

БилимиЖогорку юридикалык. 1983-жылы М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин аяктаган

Адистиги - Укук таануучу

Сот тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар:

1991-1996-жылдары КРнын Жогорку Сотунун судьясы

1996-1999-жылдары Бишкек шаардык сотунун төрагасы

1999-2001-жылдары Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы

2001-2002-жылдары КРнын Юстиция министри

2002-2009-жылдары Жайыл райондук сотунун төрагасы

2010-2012-жылдары Жогорку Соттун судьясы

2012-жылдын 13-сентябрынан азыркы учурга чейин Жогорку Соттун судьясы болуп иштеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: