super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар менен жолугушкан Кыргыз улуттук университетинин студенттери мамлекет билимдүү жаштарга көңүл бурбай жатканын айтышты

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Роза Акназарова менен Урмат Аманбаева бүгүн, 26-февралда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин география, экология жана туризм факультетинин 5-курсунун студенттери менен жолугушту.

Акназарова билим берүү системинин азыркы абалы боюнча студенттердин суроолоруна жооп берди. Улуттук илимдер академиясынын өкмөт менен кызматташуусу талапка жооп бербей, диссертацияларды жазуунун сапаты төмөндөп кеткенин да айтты.

Жолугушуунун катышуучулары чет өлкөдөн окуп келген кыргыз жаштарын ишке тартуу боюнча мамлекет тарабынан эч кандай жардам болбой жатканын айтышты. Урмат Аманбаева Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин көйгөйлөрүнө токтолуп, Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстан кандай кыйынчылыктарга туш боло турганын кошумчалады.

Студенттер Жогорку Кеңештин имаратына экскурсия жасап, мыйзам чыгаруу органынын ишмердүүлүгү жана тарыхы менен таанышышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: