super.kg logo

Жылнаама: 27-февраль, мындан 7 жыл мурун ЖКнын имаратынын алдында Сабыржан Сабиров өзүн-өзү өрттөп жиберген 

 
*1961-жылдын дал ушул күнү кинорежиссёр, сценарист Эрнест Абдыжапаров жарык дүйнөгө келген. Ал көпчүлүккө белгилүү “Таранчы”, “Беш-Терек”, “Босого”, “Саратан”, “До+Фа” тасмаларынын жаратуучусу. Анын тасмалары 20дан ашуун эл аралык фестивалдарда киночулардын жогору баасына арзыган.   
*1988-жылдын 27-февралында Орусиянын Сургут шаарында учак кыйрап, 20 адам каза болуп, 31 адам аман калган. Мындай окуя учактын аэропортко конор маалында болгон. 
*Мындан 7 жыл мурун ЖКнын имаратынын алдында Сабыржан Сабиров өзүн-өзү өрттөп жиберген. Ал баласына карата акыйкат сот өкүмү чыкпаганына нааразы болгон. Денесинин 96 пайызы күйүк алган. Мындан улам 3 күндөн кийин каза болуп калган. 
*Мындан 4 жыл мурун Чилиде күчү 8,8 баллга жеткен зилзала катталып, чоң суу толкунун пайда кылган. Анын кесепетинен 802 адам көз жумган.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: