super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин астында гейлер жана бисексуалдарга каршы акция уюштурулуп, гейлердин сүрөттөрү өрттөлдү (фоторепортаж)

 
"Калыс" кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов кыргыздын улуттук, үй-бүлөлүк үрп-адаттарын жогору баалады.
"Калыс" саясий кыймылынын өкүлдөрү
"Калыс" саясий кыймылынын өкүлдөрү
Кыргызстандагы белгилүү интернет-блоггер Илья Лукаш
Жеңиш Молдокматов журналисттерге акциянын негизги максаттары менен бөлүшүүдө.
Активисттер ушундай плакаттар менен келишти.
Активисттер ушундай плакаттар менен келишти.
Активисттер ушундай плакаттар менен келишти.
Активисттер ушундай плакаттар менен келишти.
Активисттердин бири күйүүчү майды гейлер чагылдырылган плакаттарга өрттөө максатында куюп жатат.
Активисттердин бири күйүүчү майды гейлер чагылдырылган плакаттарга өрттөө максатында куюп жатат.
Милиция кызматкерлери плакаттарды өрттөөгө каршы чыгышты.
Милиция кызматкерлери плакаттарды өрттөөгө каршы чыгышты.
Милиция кызматкерлери өрттөө аракетине каршы чыкканына карабастан, активисттер плакаттарды өрттөштү.

Бүгүн, 27-февралда Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин имаратынын астында активист Жеңиш Молдокматов баштаган “Калыс” саясий кыймылы гейлерге, бисексуалдарга каршы акция уюштурду.

Жалпысынан иш-чарага 50дөн ашуун адам катышты. Уюштуруучунун айтымында, эгер акцияга кимдир бирөө акча сарптаса, бул сан миңге жетмек.

“ЛГБТ (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансвеститтер) уюмунун өкүлдөрүнө каршы акциянын негизги максаты - гей-пропагандага тыюу салуу боюнча мыйзам чыгаруу”,- дейт Молдокматов.

Мындан сырткары Жогорку Кеңеште айрым депутаттар гомосексуализмди колдоп жатканын билдирип, бирок алардын аттарын айткан жок.

“Кыргызстанда Илья Лукаш деген белгилүү интернет-блоггер гейлерди колдоо иретинде жазып, "Фейсбукта" атайын ЛГБТны колдоочулардан топ түзгөн. Мындан тышкары ал “Украинадагы Майданды Кыргызстанга алып келебиз” деп жарыялаган. Демек, Илья Лукаштай адамдарды Батыш өлкөлөрү каржылайт”,- деди Молдокматов.

"Европада гейлердин ортосунда нике курууга мыйзам чыгарылды. Эми ал жакта бир туугандардын ортосунда нике куруу сунушталууда. Эгер биз Европа жана АКШнын баалуулуктарын ойлонбой кабыл ала берсек, биздин өлкөдө да ушундай балээ күтүлөт",- дейт “Калыс” саясий кыймылынын жетекчиси Жеңиш Молдокматов.






Бишкекте гейлердин сүрөттөрү өрттөлдү

Автор: Кутмырза Жакыбалиев
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: