super.kg logo

Ош. Обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошовдун “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” аттуу жеке концерти болуп өттү

 

Кечээ, 27-февралда Ош улуттук драма театрында обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошовдун жеке концерти өттү. Концерт обончунун бала чагы чагылдырылган чакан спектакль менен башталды. Алып баруучулук тизгинди жаш акын Улукбек Омокеев колуна алды. Түмөнбай Колдошовдун концерти “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” деген аталган экен. Алып баруучу концерттин мазмунуна токтолуп: “Апа, ушул сөздү уккан сайын тээ бала кезим, анан студенттик күндөрүм эске түшөт. Окууну аяктап, Ош шаарында студент болдум. 1-курсумда сени сагынып, тынбай кат жазып турдум, а сен курут-майыңды, тандырга жапкан ак наныңды жөнөтүп турдуң. 3-курста катты сейрек жазып калдым, а сен тынбай курут-майыңды, ак наныңды жөнөтүп турдуң. 5-курс болдум, таптакыр кат жазбай калдым. А сен анда да тынбай курут-майыңды, ак наныңды жөнөтүп турдуң. Мына, үй-бүлө күттүм, өз алдымча болдум, а сен дагы деле курут-майыңды, ак наныңды жөнөтүп жатасың”,- деди. Жүрөктөн чыккан сөздөр көрүүчүлөрдүн көзүнө жаш тегеретти.

Ырчы “Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?”, “Аяп сүйгөм”, “Сенсиз күнгө көнөрмүн”, “Узун жолдор”, “Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен”, “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” аттуу чыгармаларын аткарды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
28.02.2014. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концер жакшы болуптур. Азамат Тумонбай. Супер инфо жакшы суротторду чыгарыпсынар силердин эмгегиңерге таазим
28.02.2014. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул концертти супер кg порталына жайгаштырып койсо жакшы болмок эле, коруп турат элек. Тумонбай Колдошов жакшы ырдайт
28.02.2014. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сиз жонундо ырлар жазбайм эми мен катта жазбайм кубанычтуу кусалуу.. ушул ырын суйуп угам да кунуго. Талантынызга таазим байке дагы да уккулуктук ырларды жаратып эл сыйында журо бериниз.
28.02.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм биздин агай го ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: