Ферганада Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара маселелерин талкуулашты
28-февралдан 2-мартка чейин Фергана шаарында Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын өзүнчө чөлкөмдөрү боюнча линияны сызуу долбоору жана тийиштүү картографиялык материалдар каралды. Мындан тышкары айрым аймактарда текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

