super.kg logo
  Саясат  

“Чоң жетиликке” кирген өлкөлөр Украинадагы кырдаал боюнча Орусияга күнөө койду

 

“Чоң жетиликке” кирген өлкөлөр: АКШ, Германия, Франция, Улуу Британия, Италия, Канада жана Япония Сочиде өтүүчү G8 саммитине катышууга даярдыкты токтотконун жарыялашты. Буга Орусиянын Украинадагы кырдаал боюнча жүргүзгөн саясаты себеп болду. ММКлар жарыялагандай, “Чоң жетилик” Орусиянын аракетин Украинанын бүтүндүгүн бузуу деп эсептейт. Аталган саммитке катышууга даярдыкты токтотууну алгач АКШ, Улуу Британия, Канада жана Франция демилгелеген, кийин калган мүчө мамлекеттер кошулду.

Дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн Орусияга нааразычылыгы Федерация Кеңешинин Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн куралдуу күчтөрдү киргизүү чечиминен келип чыкты. Орусия президенти Владимир Путиндин кайрылуусунан кийин Федерация Кеңеши сунушту бир добуштан колдоп берген эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: