Турсунбай Бакир уулу элчилердин маселесин жабык форматта кароого каршы болду
Парламенттин Эл аралык иштер комитетинин 3-марттагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу элчилерди дайындоо маселесин жабык эшик артында кароого каршы чыкты. Айтымында, бул маселени жабык түрдө кароого негиз жок.
“Талапкерлердин маселесин ачык талкууга алышыбыз керек. Бир убакта Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Улукбек Чыналиевди иши канааттандырбаганы үчүн араң кызматтан бошотконбуз. Андан кийин аны Украинадагы Кыргызстандын элчиси кылып дайындашты”,- деди Бакир уулу.
Мындай чечим көпчүлүктү таң калтырганын айтат депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

