super.kg logo
  Саясат  

Эртең, 4-мартта Кыргызстандын муфтийи шайланат

 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) эртең, 4-март күнү Мамлекеттик тарых музейинде Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз V Курултайын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта SUPER.KG порталына муфтияттын басма сөз кызматчысы Асан Саипов билдирди.

Анын айтымында, аталган курултайда Кыргызстандын муфтийи шайланат жана КМДБнын жобосунун жаңыланган редакциясы бекитилет.

Белгилүү болгондой, Максатбек Токтомушев муфтийликке жалгыз талапкер болуп чыкты.

Мындан тышкары 2014-жылдын 28-февралында КМДБнын жобосун кайрадан иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн комиссия жобонун жаңыланган редакциясын талкуулаган жыйын өткөргөн. Жаңы жобого ылайык, Уламалар кеңешиндеги мүчөлөрдүн саны 14 адамга кыскартылып, эми 21 адамдан турат. Уламалар кеңешинин төрагасы 1 жылга шайланат. Кеңештин отурумуна муфтий, орун басарлары жана казылар катыша алат, бирок шайлоо укугуна ээ эмес. Муфтий Уламалар кеңешинин төрагасы боло албайт. Ошондой эле Уламалар кеңеши жылына 2 ирет чогулуп келген болсо, эми жыл бою туруктуу иш алып барышат. Жаңы жобого ылайык, муфтий 3 жылга шайланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: