Алмазбек Атамбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорун кабыл алды



Бүгүн, 3-мартта Алмазбек Атамбаев КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин
башчысы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Автор: Нургазы Аматов
Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердигиндеги түрдүү маселелер талкууланды.
"Дүйшөнбек Зилалиев мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди тоо кендерин иштетүү тармагына инвестиция тартуу, геологиялык инфраструктураны жакшыртуу жана тоо кендерин иштетүү тармагында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мекеме тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады",- деп билдирди КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

