super.kg logo

Мыкты актёр катары “Оскар” сыйлыгын Мэттью Макконахи алды

 
"Жасмин" тасмасында жараткан ролу үчүн сыйлыкка көрсөтүлгөн Кейт Бланшетт кызыл килемден өтүп келүүдө.
Түгөйлөр Анжелина Жоли менен Брэд Питт сыйлык тапшыруу үчүн атайын чакырылышкан.
Өткөн жылы "Оскар" сыйлыгына татып, коомчулуктун көңүлүн имере алган Женнифер Лоуренс да сыйлуу конок катары келген.
Экинчи пландагы "Мыкты актёр" наамына ээ болгон Жаред Лето.
Жулия Робертс экинчи пландагы мыкты актрисалардын арасында жеңишке ат салышууга келген ("Август" тасмасы).
"Оскар" сыйлыгына "Мыкты актёр" катары 4-ирет талапкер болуп жаткан Леонардо ди Каприо ушул жолу сыйлыкты алат дегендер көп болгон. Бирок ал бул жолу да салтанаттуу кечеден сыйлыксыз кайтты.
Экинчи пландагы "Мыкты актриса" Люпита Нионго кызыл килемде.
Тасмадагы Шерлок Холмс же катардагы актёр Бенедикт Камбэрбэтч.
Актриса Кристен Белл...
Белгилүү актёр Уилл Смит сүйүктүүсү Жада Смит менен...
Эң сулуу актрисалардын бири Шарлиз Терон...
Бул актриса эмес, ырчы. Леди Гага кызыл килемде...
Кырктан ашып, карьерасындагы алгачкы "Оскардын" ээси болгон Мэтью Макконахи сүйүктүүсү Камила Альвес менен...
Мындай образда көбүнчө Анжелина Жоли эл эсинде калып келген. Бул болсо актриса Рош Диаз.
"Мыкты актриса" наамына талапкер болгон Сандра Буллок...
"Америкалык түрдөгү алдамчылык" тасмасынын көркүн ачкан Эми Адамс бул ролу үчүн алдыңкы сапка жазылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
Эмма Уотсон

Актёр Мэттью Макконахи “Далластагы сатуучулар клубу” тасмасында жараткан ролу үчүн мыкты актёр катары “Оскар” сыйлыгына арзыды. Бул сыйлык үчүн жарышта ал Кристиан Бейл (“Америкалык түрдөгү алдамчылык”), Леонардо ди Каприо (“Уолл-стриттеги бөрү”), Чиветел Эжиофор (“Кулчулуктагы 12 жыл”), Брюс Дерн (“Небраска”) сыяктуу актёрлорду артка таштады. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта чет элдик маалымат булактары кабарлады.

2-мартта Лос-Анжелес шаарында 86-ирет уюшулган “Оскар” сыйлыгын салтанаттуу тапшыруу аземинде “Мыкты актриса” наамына Кейт Бланшетт “Жасмин” тасмасында жараткан ролу үчүн арзыды.

Буга чейин “Кулчулуктагы 12 жыл” тасмасында роль жараткан Люпита Нионго экинчи пландагы актриса катары “Оскар” сыйлыгына арзыса, “Далластагы сатуучулар клубу” тасмасында роль жараткан Жаред Лето экинчи пландагы мыкты актёр катары сыйлык алган.

Ал эми Стив Маккуин режиссёрлук кылган “Кулчулуктагы 12 жыл” тасмасы 2013-жылдын “Мыкты тасмасы” катары “Оскар” сыйлыгына арзыды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.03.2014. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
епырысыты! Лео алат деп олтурсам(((((
Это не у Лео нет Оскара, а у Оскара нет Лео!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: