super.kg logo
  Саясат  

Украина: Башкы прокуратура Крымдын жаңы бийлигинин чечимдери боюнча сотко кайрылды

 

Украинанын Башкы прокуратурасы Крым парламентинин өкмөттү таркатуу (Крымдын), Сергей Аксеновду өкмөт башчы кылып дайындоо жана өлкөнүн статусун аныктоо үчүн референдум өткөрүү чечими боюнча сотко кайрылды. Муну бүгүн, 3-мартта чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Прокуратура аймакта өзүн-өзү коргоо органдарынын (Крымдын өзүн-өзү коргоо отряды) түзүлүшү да мыйзамсыз экенин билдирет.

“Учурда мамлекеттин мыйзам чыгаруу тармагында эч кандай өзгөрүү болгон жок. Жарандарды улутуна, тилине жана диний ишенимине карата укуктарын бузуу же кемсинтүүгө жол берилбеши керек”,- деп жазылат билдирүүдө. 

Эскерте кетсек, 27-февралда Крым Автономдук Республикасынын парламент жыйынында автономиянын укуктарын кеңейтүү боюнча 25-майда референдум өткөрүү чечими кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: