Кыргыз өкмөтү Казакстандагы жол кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктарга жардам берүүнү тапшырды
Бүгүн, 3-мартта КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Казакстандын Жамбыл облусунда катталган жол кырсыгынан мерт болгон жарандардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүнү жана жабыркагандарга тиешелүү жардам берүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Автор: Дамира Арстанова
Белгилей кетсек, аталган жол кырсыгы кечээ, 2-мартта Алматы–Ташкент жолунда катталган. Кыргызстандыктар бара жаткан Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобус чоң автобус менен кагышкан.
Кырсыктан 9 адам набыт болуп, 11 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Алардын 8и кыргызстандык жарандар экени айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

