super.kg logo
  Саясат  

Ноокатта Желек күнү белгиленди

 
Бүгүн, 3-мартта Ноокат районунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгына байланыштуу тынчтык митинги жана жүрүш болуп өттү. Бул тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын билим берүү бөлүмүнүн басма сөз катчысы Зайнабидин Мамасадыков билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага Ноокат районунун мекеме-ишканаларынын башчылары, кызматкерлери, мектеп окуучулары, шаар тургундары катышышты. Тынчтык митингин ачып жатып Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Мамадалы Дүйшеев КРнын желеги бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнө таанылып жаткандыгына токтолду. Ошондой эле ал катышуучуларды кыргыздын улуттук баш кийиминин урматына негизделген Ак калпак күнү менен куттуктап, бул баш кийимдин маани-маңызы бийик экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: