super.kg logo

“Орусия сулуусу-2014” сынагында 23 жаштагы Юлия Алипова жеңүүчү болду

 

1-мартта жыйынтыкталган “Орусия сулуусу-2014” сынагында Саратов облусунун Балаково шаарынын тургуну, 23 жаштагы Юлия Алипова жеңүүчү болду. Бул тууралуу кечээ, 2-мартта орусиялык басылмалар кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, 2-орунду Ростов облусунан Анастасия Костенко жеңсе, 3-орун ээси москвалык Анастасия Решетова болду.

Сынакка 50 кыз катышып, добуш берүүнүн негизинде 20 катышуучу кийинки баскычка чыгышкан. 20 катышуучунун ичинен бикини конкурсунун жыйынтыгында 10 катышуучу калып, алар уюштуруучулар тарабынан даярдалган кошумча суроолорго да жооп беришти.

Жеңиш ээси бриллиант менен кооздолгон алтын таажы тагынды. Андан тышкары ал сыйлык катары 100 000 доллар өлчөмүндөгү акча каражатына жана автоунаага ээ болду. Бул жеңиш Алипованын Орусиянын желеги астында “Дүйнө сулуусу” сынагына чыгуусуна шарт түздү.  

Юлия Алипова 23 жашта. Москва энергетикалык институтунда инженер жана котормочулук боюнча 2 жогорку билимге ээ болгон. Анын боюнун узундугу 179 сантиметр болсо, параметри 89-63-90ду түзөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: