Крымдын жаңы бийлиги 5 миңдей аскер эл тарапка өткөнүн билдирди

Крым бийлигинин колуна 2-мартка карата Украинанын Ички аскерлеринин, Куралдуу күчтөрүнүн жана Мамлекеттик чек ара кызматынын 5086 жоокери өттү. Муну бүгүн, 3-мартта чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Жоокерлер өз каалоолору менен эл тарапка өткөнү айтылды.
Айта кетсек, буга чейин Украина бийлиги аскер күчтөрүнүн массалык түрдө Крым бийлигине баш ийип баштаганы тууралуу маалыматты четке кагып келген. 1-мартта Украина президентинин милдетин аткаруучунун Крымдагы өкүлү Сергей Куницын украина элинин алдында ант берген аскерлердин антынан баш тартуусу боюнча бир дагы факты жок экенин айткан эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

