Ош. Айтмамат Кадырбаев шаар тургундарын Мамлекеттик желек күнү менен куттуктады

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаар тургундарын 3-Март - Мамлекеттик желек күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Гүлзина Аманова билдирди.
"Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Сиздерди бүгүнкү 3-Март - Мамлекеттик желек күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Желек - бизди патриоттуулукка тарбиялап, келечегибиз болгон жаштарга мекенди даңазалоодо чоң жардам берип келет. Эң башкысы, биздин кыргыз экенибиздин бирден-бир белгиси болуп саналат. Ошондой эле жаштарды мамлекеттик желекти сыйлоого чакырам",- дейт Кадырбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

