super.kg logo
  Саясат  

Назарали Арипов: "Элибиз мамлекеттик туунун алдында биригип, өлкөнү өнүгүү жолуна алып барарына ишенем"

 

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов бүгүн, 3-мартта кыргызстандыктарды Мамлекеттик желек күнү менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну мындай:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

“Республика” фракциясынын депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан мекендештерибизди 3-Март - Мамлекеттик туунун кабыл алынышынын 22 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Тарыхыбызга кайрыла турган болсок, бул күнү легендарлуу парламенттин депутаттары эгемендүү өлкөбүздүн башкы символун кабыл алып, дүйнөгө даңаза кылган. 22 жыл мурда ушул туунун астында элибиз бардык кыйынчылыктарды татыктуу жеңип, татаал жолду басып өткөн.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун дүйнөлүк эң кадыр-барктуу уюмдардын алдында көтөрүлүп туруусу өлкөбүздүн ар бир жаранынын жүрөгүндө бийик сезимди, мекенчил духту чагылдырат. Андыктан анын кадыр-баркын бийик тутуп, келечек муундарга сыймык катары даңазалашыбыз керек.

Туу – эгемендүүлүктүн, биримдиктин, мамлекеттүүлүктүн символу. Мен элибиз мамлекеттик туубуздун алдында биригип, ынтымак, тынчтык аркылуу өлкөбүздү өнүгүү жолуна алып барат деп терең ишенем. Кыргыз элинин сыймыгы болгон туубуз дайыма көк асманда желбиреп, мамлекетти өнүгүү жолуна алып келет деген тилектемин.

Жашасын туубуз, жашасын эгемендүү Кыргызстан!”






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: