super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Мамлекеттик желек күнү белгиленди (фоторепортаж)

 
Бүгүн, 3-мартта Бишкектин "Ала-Тоо" борбордук аянтында Кыргызстандын Мамлекеттик желегинин күнү белгиленүүдө. Бул иш-чарага Бишкектеги жогорку окуу жайлар менен кесиптик лицейлердин студенттери катышты. Иш-чаранын ачылышында эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов сөз сүйлөдү. Ал Мамлекеттик желек күнүн белгилөө салтка айланып келе жатканын кошумчалады. "Быйыл төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Максатыбыз кыргыз мамлекетинде жашаган элдерди бир желектин алдына бириктирүү болуп саналат. Эгемендүү кыргыз элин ынтымакка, биримдикке чакыруу, ошондой эле күчтүү мамлекетти түзүү. 2014-жылды президентибиз Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялады, ошого салымыбызды кошуу",- деди ал.

Иш-чаранын расмий ачылышынан соң келген конокторго кыргыз эстрада ырчылары катышкан концерттик программа тартууланды.






Мамлекеттик желек 22 жашка толду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: