Бишкектин Свердлов райондук администрациясында бюджеттик угуулар өттү

Бишкектин Свердлов райондук администрациясында бюджеттик угуулар өткөрүлдү. Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилери, жергиликтүү бийликтин, билим берүү жана саламаттык сактоо кызматтарынын өкүлдөрү катышты.
2014-жылга Свердлов районунун бюджети 549,1 миллион сомго долбоорлонгон, анын 452,1 миллион сому корголгон статьяларга каралган. Бюджеттик угууларды Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов алып барды. Бюджеттин киреше бөлүгү боюнча Свердлов райондук администрация башчысы Алтынай Өмүрбекова маалымат берди. Талкуунун жүрүшүндө катышуучулардын сунуш-пикирлери угулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

