super.kg logo
  Саясат  

Улуттук банк сомдун курсун коргош үчүн интервенция жасап баштады

 

Улуттук банк сомдун курсун коргош үчүн валюталык интервенция жасап баштады. Бул тууралуу кечээ, 3-мартта Улуттук банктын жетекчисинин орун басары Сүйөркул Абдыбалытегин билдирди.

Анын айтымында, валюта рыногу бир-эки күндүн аралыгында калыпка келет. Улуттук банк рынокто абал турукташкыча өз ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзөт.   

Ошондой эле учурдагы сомдун наркынын түшүп жатышына орус рублинин курсунун төмөндөп кетиши да себеп болуп жатканын баса белгиледи.

Эске сала кетсек, кечээ, 3-мартта доллардын баасы рекорддук чекке жеткен. Бишкек шаарында 1 доллардын баасы 60 (сатуу) сомду түзүүдө. Ал эми сатып алуу - 57 сом. Ушундай эле өсүш евродо да байкалууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: