super.kg logo
  Саясат  

Украинанын маалымат каражаттары "Виктор Янукович каза болду" деген маалымат таркатышты

 

Евромайдандын активисти Михаил Лебедь Украинанын президенти Виктор Януковичтин жүрөк оорусунан каза болгондугун "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Ага бул маалыматты Ростов-на-Донудагы кардиологиялык борбордо иштеген досу кабарлаганын айткан. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Активисттин айтымында, жүрөгү кармап калган Януковичти аталган борборго 3-мартта Москва убактысы боюнча саат 23:00дө алып келишкен. Тилекке каршы, 1 сааттан соң президенттин жүрөгү сокпой калган. 

Журналисттер активистке байланышка чыгышканда, ал “Ишенбейсиңерби?! Ооба” деген жооп узаткан. Бирок азырынча президенттин каза болгондугу тууралуу расмий маалымат чыга элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: