Республикалык олимпиадага Ош шаарынан 40 окуучу катышат
Ош шаардык билим берүү башкармалыгында республикалык олимпиадага тандоо түрү болуп өттү. Ага 10-11-класстардын окуучулары катышып, жыйынтыгы чыгарылды. Анда республикалык олимпиадага Ош шаарынан 40 окуучу жолдомо алышты.
Булардын ичинен "Сема" лицейинин 8 окуучусу биринчи орунга жетишти. "Себат" лицейинин окуучулары да 8 предметтен биринчи орунду алышты. №52-мектептин 4 тарбиялануучусу биринчи орунду багынтышса, "Олимп", "Билим", Киров мектептери да алдынкы орундарга жетише алышты. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов бүгүн, 4-мартта билдирди.
Айта кетсек, республикалык олимпиада 29-30-мартта Бишкек шаарында өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

