super.kg logo
  Саясат  

Медетбек Керимкулов: "Кыргызстандагы күйүүчү майдын запасы 1,5 айга жетет"

 

2014-жылдын январь айында республикага жалпысынан 84,65 миң тонна мунайзат импорттолгон. Анын 48,7 миң тоннасы – бензин, 35,95 миң тоннасы – дизель отуну. Бул тууралуу Кыргызстан мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов бүгүн, 4-мартта маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, күйүүчү майдын калдыктары март айынын башына карата болжол менен 130 миң тонна. 80 миң тонна бензин, 50 миң тонна дизель отуну бар. Бул запастар бир жарым айга жетет.

Март айынын башында Орусияда күйүүчү майга болгон баалар 4-14 пайызга чейин жогорулаган. Жакынкы күндөрү бизде да 14 пайызга чейин жогорулашы мүмкүн”,- деди Керимкулов.

Ошондой эле чарба өндүрүүчүлөрүн күйүүчү май менен убагында жана үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча ассоциация Айыл чарба министрлиги менен биргеликте иштер жүрүп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: