super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Тургундар кубаттуулук аздыгынан электр жарыгы күңүрт берилип жатканын айтышты

 

Бүгүн, 4-мартта Жалал-Абад шаарындагы Курманбек аймактык башкармалыгында жыйын болуп өттү. Анда негизинен аткарылып жаткан иштер жана болуп жаткан маселелер каралды. Жол маселеси, таштандыларды өз убагында алуу, электр энергиясы менен камсыз кылуу жана көчөлөргө дарактарды отургузуу көйгөйлөрү талкууланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

№14-кварталдын комитети Касым Сатиев: “Жолдор оңдолуп жатат, бирок былтыркы жылы сапатсыз кеңейтилген Бабкин көчөсү, Эркиндик көчөсүнөн Темир жол көчөсүнө чейинки жол кеңейтилип, ноябрь айында асфальтталып бүткөн. Бирок азыркы күндө ошол көчөдө унаалар эмес, адамдардын басышы кыйын. Жол оңдолгондон бир айдан кийин бузула баштаган”,- деп билдирди.

Ошондой эле электр энергиясынын жетишсиздиги, жарыктын өчүрүлүүсү жана күңүрт берилген жарык үчүн төлөп жатышкандыктарын айтышты. Ошону менен биргеликте көчө комитеттеринин айлык маяналарын карап берүү сунушталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: