super.kg logo
  Саясат  

Роза Акназарова: "Манас" университетинин ректору кыргызстандык болушу керек”

 

Бүгүн, 4-мартта ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында Роза Акназарова "Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору кыргызстандык болушу керек” деп билдирди. 

Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөр аралык келишимин ратификациялоону карап жатып Акназарова билим берүү министринен аталган окуу жайга кабыл алуу кайсы мыйзамдын негизинде жүргүзүлүп жаткандыгы боюнча суроо узатты. 

Министр Канат Садыков университет өзүнүн эрежелери боюнча окууга кабыл аларын айтты. “Студенттерди бюджеттик окууга жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен алышат. Контракттык негизде окууга өзүнүн эрежелери боюнча алат”,- деди ал.  

Роза Акназарова: "Келишимде "университеттин ректорун түрк тарап кыргыз тараптын кеңешине көрсөтүү менен шайлап алат" деп көрсөтүлгөн. Андай болбошу керек. Ректор Кыргызстандын жараны болуш керек. Мындан сырткары кыргыз тарап бул кызматка кимди көрсөтөрүн өзү чечиши керек”,- деди депутат.

Анда Садыков: "Келишимге өкмөттөр аралык деңгээлде кол коюлган, биз өзгөртө албайбыз”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: