super.kg logo
  Саясат  

АКШ Орусия менен аскердик кызматташууну токтотту

 

АКШ Орусия менен бардык аскердик кызматташуусун токтотту. Муну бүгүн, 4-мартта чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Пентагондун өкүлү Жон Кирбинин билдиришинче, биргелешкен машыгуулар жана порттор менен кызматташуу жөнүндө кеп болуп жатат.

АКШнын Соода башкармалыгынын өкүлү эки тараптуу соода кызматташтыгы токтогону жөнүндө билдирүү жасады. Ошондой эле инвестициялык сүйлөшүүлөрдүн токтогону айтылды. Айта кетсек, 2-мартта АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусия экономикалык кыйынчылыкка туш болгону жатканын билдирген эле. Батыш менен Орусиянын мамилеси Федерация кеңешинин орусиялык жарандарды коргоо үчүн Украинага аскердик күчтөрдү киргизүү чечимин кабыл алгандан кийин кескин курчуду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: