super.kg logo

Бүгүн "Манас" кинотеатрында “Пентхаус” кыргыз кинокомедиясынын бет ачары болду (фоторепортаж)

 
Тасманы көрүүгө ашыккан көрүүчүлөр.
Тасманын жаратуучулары келген конокторду кинотеатрдын босогосунан жылуу тосуп алып турушту.
Тасманын жаратуучулары келген конокторду кинотеатрдын босогосунан жылуу тосуп алып турушту.
Тасманын режиссёру Нурлан Мамакеевдин жубайы жолдошунун эмгегин баалаганы келиптир.
Белгилүү дизайнер жана стилист Замира Молдошева үй-бүлөсү менен келип, тасмага күбө болуп кетти.
Келген коноктор залдан орун алышты. Алардын катарынан тасмада роль жараткан актёрлор да орун алышты.
Келген коноктордун катарынан тасмада роль жараткан актёрлор да орун алышты.
Тасманын ачылыш аземин "Тамашоунун" узуну Куба ачты. Ал алгач тасма тууралуу кыскача айтып, андан соң орундуктардын астына жашырылган баракчалар аркылуу чакан оюн ойнотту.
Кино жаратуучулардын белегине ээ болгон көрүүчүнүн кубанычында чек жок.
Тасмадан кадр. Атасын тапкан Эмилге достору чын дилден кубанып, жашып да алышты.
Тасмадан кадр.
Тасмадан кадр.
Тасмадан кадр.
Тасмадан кадр.
Эмилдин атасына жолуккан жери.
Актёрлор күйөрмандары менен сүрөткө түшүүгө да жетишишти.
Актёрлор күйөрмандары менен сүрөткө түшүүгө да жетишишти.
Тасма бүткөн соң башкы каарман Эмилдин бети куттуктоолордон бошогон жок.
Тасма ата-баланын табышуусу менен аяктаса, ачылыш азем да ушундай көз ирмем менен аяктады.

Бүгүн, 4-мартта кыргыз кино дүйнөсү дагы бир тасма менен толукталды. Дегеним, учурда "Манас" кинотеатрында, жабык эшик артында “Пентхаус” кинокомедиясынын бет ачары болууда. Ага белгилүү кыргыз киночулары, актёрлор, ырчылар жана каармандардын жакын санаалаштары катышууда. Ачылыш аземди "тамашоучу" Куба ачып, көрүүчүлөр арасында оюн уюштурду. Андан соң кол чабуулар менен тасма көрсөтүлө баштады.

Тасма тууралуу айта кетсек, анда актёрлор КРнын Эл артисти Замирбек Сооронбаев, Камчы Сарыбаев, Азамат Арыков, куудулдар Борончу Кудайбергенов, Бакыт Мукул, “Ак-Өргө City” командасынын жигиттери, эстрада ырчылары Асел Турдалиева, Абидин Темиров, Омар, Азиз Жетигенов, Курал Чокоев жана опера ырчысы Замира Мавлянова роль жараткан.

Тасма жаш кезинен атасыз өскөн Эмил аттуу жигиттин Орусиядан атайын атасын издөө үчүн келгени менен башталат. Анын Кыргызстанга келгендеги дагы бир максаты социалдык тармактан таанышкан кызы Айдайга жолугуу эле. Эмил досуна жолугат. Көп өтпөй Эрмек аттуу жигиттин шефи карап тур деп табыштап кеткен пентхауста 4 дос жашап калышат. Бул аралыкта Эмил таанышы Айдайга жолугуп, анын жүрөгүн ээлегенге жетишет...

Кошумчалай кетсек, тасманын режиссёру – Нурлан Мамакеев. Продюсери – Эльдияр Кененсаров жана Нурлан Мамакеев. Сценарийин жазгандар – “Ак-Өргө City” командасы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.03.2014. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар дагы да ийгиликтерди багынтып элдин кызматында журо бериниздер !
05.03.2014. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kim kordu uwul kinonu? korso bolo turgandaiby?
05.03.2014. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
inoplanetyanin,
Мен кордум) корсо болот экен жакшы, маанай которуп "от души" кулуп келсен болот. )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: