super.kg logo

Жылнаама, 5-март: Ак калпак күнү

 

2011-жылы демилгеленген Ак калпак күнүн майрамдоо сунушу коомчулуктун колдоосуна алынып, ошондон тарта жыл сайын белгиленип келет. Ал эми демилгечилер мында эч кандай саясат жок, позитивдүү жарандык акция деп билдиришкен. Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Калпак - кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү.

1953-жылы, мындан 61 жыл мурун советтик коомдук-саясий ишмер Иосиф Сталин көз жумган. Сталинди акыркы жайына узатуу 1953-жылы 9-мартта өтүп, аны менен коштошуу үчүн өлкөнүн ар тарабынан адамдар барышкан. Эл ушунчалык көп болгондуктан, кысылыш келип чыгып, жүздөгөн адамдар тепсендиде калып өлгөн (болжолдуу түрдө 1422 адам). Сталиндин денеси бальзамдалып, Лениндин мавзолейине коюлган. Андыктан 1953-1961-жылдары мавзолей В.И.Лениндин жана И.В.Сталиндин мавзолейи деп аталган. 1961-жылы 30-октябрда “Сталин Лениндин осуятын олуттуу бузган. Ал үчүн жол башчынын жанына Сталиндин сөөгү үчүн орун жок” деген чечим чыгарылып, Сталиндин сөөгү Кремлдин дубалындагы мүрзөгө коюлган.  

* 2013-жылы (1 жыл мурун) Жалал-Абад шаарында кримавторитет Болот Маматовду белгисиз адамдар атып кетишкен. Окуя саат 11:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы Могол көчөсүндө болгон. 1975-жылы туулган, кылмыш чөйрөсүндө Боке деген ат менен таанымал кримавторитетти кылмышкерлер өз үйүнүн жанынан атышкан. Макаров үлгүсүндөгү тапанчадан атылган 2 октон жаракат алган Маматов ооруканада көз жумган.

* 40 жыл мурун, тактап айтканда, 1974-жылы Голливуд актрисасы Ева Мендес төрөлгөн. 

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: