Самат Эркинбеков: "Пентхауста 40 күн чогуу жашап, "Ак-Өргө City`нин" балдары мурдагыдан да жакын болуп кеттик"

Бүгүн, 4-мартта кыргыз кино дүйнөсү дагы бир тасма менен толукталды.
Дегеним, "Манас" кинотеатрында, жабык эшик артында “Пентхаус”
кинокомедиясынын бет ачары
болуп өттү. Ага белгилүү кыргыз киночулары, актёрлор, ырчылар жана
каармандардын жакын санаалаштары катышышты.
Автор: Дамира Арстанова
Тасма башталганча андагы каармандар менен маектешүүгө үлгүрдүк. "Тасманын сценарийи бизге, "Ак-Өргө City`нин" жигиттерине таандык. Бул биздин жазган алгачкы сценарийибиз десек болот. Кандай жазылганын көрүүчүлөр өздөрү баалашат деп ойлойм. Кандай кабыл алышат билбейм, бирок биз мындан ары да изденүүбүздү токтотпойбуз. Көптөгөн ийгиликтерди багындырабыз деген ойдобуз. Тасма жөнүндө айта турган болсом, дээрлик 80 пайызы пентхаустун ичинде тартылды. Кыйынчылыктар деле болгон жок, сууктун айынан баарыбыздын бир сыйра ооруганыбызды кошпогондо. Тартуу иштери жагымдуу өттү. Мурдатан ынак жаныбыз 40 күн пентхауста чогуу жашап, андан да жакын болуп кеттик. Азыр да ажыраша албай жүрөбүз",- деп ой бөлүштү Самат Эркинбеков.
Ал эми башкы каармандын ролун жараткан Эмил буларга токтолду: "До+Фа" тасмасына тартылганымдан кийин Нурлан Мамакеев жолугуп, "Сени бир тасмага тартсам кандай болот?" дегенинен, макул болгом. Анан бул тасмасынын идеясын айтты. Балдар болуп сценарийин жаздык. Алар дароо эле башкы каармандын ролун мага беришти. Самат болсо мүнөзүнө жараша жашык, боорукер жигиттин ролун алды. Мындайча айтканда, сценарий ар бирибиздин мүнөзүбүзгө карата жазылды. Ал эми менин тасмадагы сүйгөнүм Айдайды кастинг аркылуу тандап алдык. Ал буга чейин да кыргыз тасмаларында роль жаратып жүргөн таланттуу кыз".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(3)
janybek93

04.03.2014. 21:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кеп канча 40 кундо тартылганда эмес..кеп кинон мазмуну тасманын сапатына конул бурса! мисалы Кыргыз киносу СССРдин убагында кандай керемет эле азыр андай керемет актер актрисалар чыкпай Кыргыз киносу дуйнолук денгелде чыкпай жатканы окундурот!
Erhan

05.03.2014. 00:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аракет кылып жатышат ишенем дуйно жузу коптогон тилге которуп корушот Ин Ша Аллах !!!
KG_URPAGI

05.03.2014. 00:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самат мындан ары да ынтымактуу болуп, эли-журтка улгулуу болуп журо бергиле! силерди коруп, жаш жеткинчек муун тарбияланат. Кинодогу жараткан образынар СССР-дин маалындагыдай же мындан да жогорку денгээлде болушу учун, талыкпай коп окуп жана талантынарды остурушунор керек, ансыз кинодогу жараткан чыгарманардын денгээли озгорбойт. Кыргыздын маданиятын, мунозун жакшы жагынан коргозгон берууну кобуроок корсотуп, ал эми уятсыз кыймыл аракетинерди жоготсонор боло!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.