Бишкекте баңгизат сатуу менен алектенген милициянын полковниги кармалды
Бишкекте баңгизат сатуу менен алектенген милициянын полковниги кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Автор: Дамира Арстанова
Маалыматка ылайык, февраль айынын аягында ИИМдин коопсуздукту коргоо бөлүмүнө "баңгизат сатуу менен шугулдангандардын арасында милициянын полковниги бар" деген ыкчам маалымат келген. Көп өтпөй баӊгизат ташуучу Сергей жана аны сатуу менен алектенген ИИМдин кызматкери Жанболот экендиги аныкталган.
4-март күнү ИИМдин коопсуздукту коргоо бөлүмү, шаардык прокуратура кызматкерлери тарабынан атайын операция пландалып, шаардагы Гоголь-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулуп турган унаадан баӊгизат таратуучулар кармалган. Иликтөөнүн жыйынтыгында аталган милициянын полковниги ИИМ академиясынын сырттан окуу бөлүмүндө инспектордун кызмат ордунда экендиги аныкталган.
Кармоо учурунда андан жүз аарчыга оролгон 19 чек героин баӊгизаты табылган.
Учурда кылмыш иши козголуп, кызматтык текшерүү жүрүп жатат. Тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Almabek

05.03.2014. 11:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кумалак деген ушулар да, бутундой орган кызматкерлерин атын булгап жатышат.
Beko87

05.03.2014. 13:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
полковниктер ушинтип атса.
maksnarin

05.03.2014. 19:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кечоо кармашты,2ну качып баратканда,пол-ти машинада,салам беримиш болуп,таза иштешти азаматтар.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.