Новосибирскте 17 жаштагы кыргызстандык келиндин жаңы төрөлгөн ымыркайы төрөтканада каза болду
Орусиянын Новосибирск облусунда 17 жаштагы кыргызстандык келиндин жаңы төрөлгөн ымыркайы төрөтканада каза болду. Бул тууралуу орусиялык ММКлар жазып чыгышты.
Автор: Нургазы Аматов
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 27-февралында аталган шаардагы №6-төрөт үйүндө Кыргызстандын 17 жаштагы жараны дени сак баланы төрөгөн. Бирок кийинки күнү ымыркайдын кан басымы көтөрүлүп, ал кыркырап дем ала баштаган.
Наристе шашылыш түрдө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, бирок 4-мартта ал каза болгон.
Баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн анын денеси экспертизага жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

