super.kg logo
  Саясат  

Ак калпак күнүн белгилөөгө чогулгандардын саны 3000ге чукулдады (фоторепортаж)

 
Борбордук аянтка жетип эле колуна шар кармап, башына калпак кийген жаш балдарды жолуктурдук.
Мекенчилдик сезимдердин козголбой коюусу мүмкүн эмес. Анткени аянтта кыргыз кийимдерин кийгендердин Кыргызстандын желегин көтөрүп жүргөнү бул сезимди ойготот.
Иш-чарага катыша тургандар саат 11:00дү тууралай аянтка чогула башташты. Бул убакытта "Ак терек, көк терек", "Аркан тартыш" оюндары ойнолуп жаткан.
Иш-чарага катыша тургандар саат 11:00дү тууралай аянтка чогула башташты. Бул убакытта "Ак терек, көк терек", "Аркан тартыш" оюндары ойнолуп жаткан.
Салтанаттын расмий бөлүгүн уюштуруу үчүн сахна даярдалууда.
Жеке ырчы Бек Исраилов алгачкылардан болуп ырдап, Ак калпак күнү менен жалпы элди куттуктап өттү.
Бул күнү жалаң мекен, улут тууралуу ырлар аткарылды. Гүлзада "Курманбек" дастанынан бир шиңгил таштады.
Батма Султанова
"Кара жорго" ыры бийчилердин коштоосунда аткарылууда.
"Кара жорго" бийи аткарылып жатат. Эл кошо бийлеп, суктанып карап турушту.
"Кара жорго" бийи аткарылып жатат. Эл кошо бийлеп, суктанып карап турушту.
"Жаңы толкун-2013" сынагынын финалчысы Айбек да элдик ырлардан аткарып берди.
Ырды жыйыштырып, "Кара жорго" бийин бийлөө үчүн эл тизилип, ордун тапты. Алдыңкы саптарда кичинекей бийчилер орун алышкан.
Келген кишилердин саны көп болду. Эл "Кара жорго" бийин жогору жакта тартып жаткан камеранын ыңгайына карап бийледи.
Ак калпак күнүн борбордук аянтта белгилөө үчүн келген окуучулар...

Бүгүн, 5-мартта “Ала-Тоо” аянтында Ак калпак күнүн белгилөөгө чогулгандардын саны болжол менен 3000ге чукулдады.

Уюштуруучулардын билдиргенине караганда, салтанаттын катышуучуларын жолдон өтүп жаткандар, атайын чакырылгандар жана ЖОЖдор менен мектептердин ыктыярдуу өкүлдөрү түздү. Күндүн эң маанилүү окуяларынын бири чогулган элдин баарынын катышуусундагы "Кара жорго" бийин видеотасмага түшүрүү болду. 4 ирет музыка коюлуп, 4 дубль менен тартылган тасмалар ийгиликтүү чыкты деп билдиришти. 






Бишкекте 2000ден ашуун адам "Кара жоргону" бийледи

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: