Улуттук китепканада 8-Мартка карата саясатчы аялдардын фотосүрөттөрүнүн көргөзмөсү өткөрүлөт
Улуттук китепканада 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамына карата саясатчы жана лидер аялдардын фото-сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Улуттук китепкананын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Дамира Арстанова
Маалыматка ылайык, көргөзмөгө гендердик теңдик идеясын колдоп келген айымдардын сүрөттөрү коюлат.
Иш-чаранын максаты - өлкөнүн активдүү лидер айымдарына колдоо көрсөтүү.
Белгилей кетсек, аталган сүрөт-көргөзмөнү "Аялдарга көмөк берүү борбору" коомдук бирикмеси жана "KyWRAW" түйүнү уюштурууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.