super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-тажик чек арасынын жанында жайгашкан "Самаркандек" базары жабылган эмес

 

"Баткен облусунда, кыргыз-тажик чек арасынын жанында жайгашкан “Самаркандек” базары 8-мартта кайра иштей баштайт" деген маалымат чындыкка туура келбейт. Базар жабылган эмес жана ушул кезге чейин иштеп келген. Бул тууралуу 5-мартта Баткен ОИИББинин өкүлү Дамира Юсупова билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ айрым тажикстандык басылмалар "2014-жылдын 11-январында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам кыргыз тарап чек ара бекеттерин жаап салган. Кыргызстандык жеке ишкерлер “Самаркандек” базарында өз товарларын сата албай калышкан" деп жазып чыгышкан.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 11-январында Баткен облусунун Ак-Сай айылында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, кыргыз тарап Тажикстандын аймагы менен чектешкен чек ара бекеттерин жапкан. Андан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын расмий өкүлдөрүнүн ортосунда бир катар жолугушуулар болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: