super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар кыздарды 14 жаштан турмушка чыгууга чакырган Өзүбек ажы Чотоновго чара көрүүнү айтышууда

 
“Кыргызстанда кыздарды 14 жаштан турмушка чыгууга чакырган Өзүбек ажы Чотоновго Башкы прокуратура тез арада чара көрүшү керек”,- деп билдирди ЖКнын 6-марттагы жыйынында депутат Асия Сасыкбаева. Айтымында, анын мындай сөзү мыйзамды бузгандык.

“Мага көптөгөн жарандар кайрылууда. Бул кишинин телеканалдардын биринде автордук бир көрсөтүүсү бар экен. Мектептерге барып жаштар менен ыйман, тарбия, мамилелер боюнча сүйлөшөт. Бир көрсөтүүдө Өзүбек ажы Чотонов кыздарды 14 жаштан турмушка чыгууга чакырыптыр. Бир кыз “14 жаштан турмушка чыгууга эрте, биз билим алышыбыз керек” десе, ажы “Силер кандай билим алмак элеңер? Силер сулуулугуңар үчүн карасаңар болду, күйөөңөрдү ата-энеңер тандашы керек, анткени алардын тажрыйбасы көп” деп айтыптыр. Анын мындай сөздөрү педофилдик чакырык, мыйзамды бузууга чакырык. 21-кылымда жашап жатып мындай караңгы чакырыктарга жол бербешибиз керек”,- деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: