Бөдөш Мамырова төрагага: “Асылбек Шарипович, убагында бийликтин кысымын чогуу эле көрбөдүк беле?”
Жогорку Кеңештин
6-марттагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова өлкөдө Жаштар өкмөтүнүн өкүлдөрүнө
көрсөтүлгөн кысымды айтып чыкты. Айтымында, азыркы бийлик мурунку бийликтин
катачылыгын кайталап жатат.
Автор: Автандил Добулбеков
“Интернеттен көрдүм, Жаштар өкмөтүнүн өкүлдөрүнө укук коргоо кызматкерлери кысым көрсөтүп жатышат. Адамдын эркиндиги - Жараткан берген жакшы нерсе. Асылбек Шарипович, убагында бийликтин кысымын чогуу көрдүк эле го? Ошондо бийликти жамандап жүрбөдүк беле? Эмне үчүн эски бийликтин чапанын кийишибиз керек? Айтор, өтө жаман иштер болуп жатат”,- деди Мамырова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

