Кыргызстан Европалык кеңештин парламенттер аралык ассамблеясына мүчө болууга аракет кылууда
Кыргызстан
Европалык кеңештин парламенттер аралык ассамблеясына мүчө болууга аракет
кылууда. Муну 6-мартта “Парламент” радиосунун түз байланышында ЖКнын Эл аралык
иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
“Европа кеңешинин парламенттер аралык ассамблеясына 47 мамлекет мүчө, депутаттардын саны 318. Бирок азырынча алардын катарында Борбордук Азиядан мүчө болгон бир дагы өлкө жок. Кыргызстан ага кошулуу аракетин көрүп жатат. 2011-жылдан бери “Демократия үчүн өнөктөш” программасынын алкагында иштер жүргүзүлө баштады. Эгерде ага Кыргызстан мүчө болуп калса, анда ал уюмдун жылына 4 ирет өткөрүлө турган жыйындарына катышып, европалык парламентаризм тажрыйбаларын үйрөнөбүз”,- дейт Иманалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

